Редакцияот 16.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIX-сессиясы

 

2014-жылдын 16-майы № 1

“Кыш-Абад айылынын Гараж көчөсүнүн

 батыш бөлүгүнө Жакшылыков Турдалинин

ысмын берүү жөнүндө”

 

Кыш-Абад айылынын Батыш көчөсүнүн тургундарынын жалпы жыйынынын протоколун карап чыгып айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыш-Абад айылынын Гараж көчөсүнүн Муратов Мансур көчөсү менен кесилишкен жеринен батышка карай кеткен бөлүгүнө Жакшылыков Турдалинин ысмы берилсин.

2. Жогорудагы токтомду бекитип берүү жагы райондук,облустук жана Республикалык тиешелүү жогорку органдардан суралсын.

3. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап,талап кылган инстанцияларга тапшыруу айылдык кеңештин депутаты М.Муратовго милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.(А.Зикиров)

 

Отуз-Адыр айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Базарбаев.С