ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIX-сессиясы
2014-жылдын 16-майы № 2
“Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсеп счетунда 2014-жылдын 01-январына карата калган
1187,438 миң сом акча каражатынын эсебинин 2014-жылда аткарылуусу зарыл болгон жумуштарды
каржылоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Камчыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 01-январына карата Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн эсеп счетунда калган1187,438 миң сом акча каражатынын эсебинен
А) Октябрдын 70-жылдыгы орто мектебинин жылытуу системасын ремонттоого-250,0 миң сом.
Б) айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги соц.объекттерди оңдоп жаңылоого өзгөчө салым кошкон атуулдардын эмгегин белгилеп коюга – 15,0 миң сом.
В) Отуз-Адыр айылынын И.Ажибеков көчөсүнүн ямочный ремонтуна – 600,0 миң сом.
Г) айылдык аймакта тазалык акциясын өткөрүүгө - 11,0 миң сом.
Бардыгы: 876,0 миң сом.
876,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-адыр айылдык аймагынын өкмөт башчысына тапшырылсын.(Базибай уулу Асанбек)
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.(Э.Ташматов)
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Базарбаев.С |