Редакцияот 16.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIX-сессиясы

 

2014-жылдын 16-майы № 3

“Октябрдын 70 жылдыгы»орто мектебинин

 жылытуу системасын ремонтоо үчүн акча

каражатын бөлдүрүү жөнүндө”

 

Октябрдын 70 жылдыгы орто мектебинин директору Кудайбердиева Замиранын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Отуз-Адыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Октябрдын 70 жылдыгы орто мектебинин жылытуу системасын ремонттоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 250,0(эки жүз элүү миң) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айылдык аймагынын өкмөт башчысына тапшырылсын.(Базибай уулу Асанбек)

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.(Э.Ташматов).

 

 

Отуз-Адыр айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Базарбаев.С