Редакцияот 16.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIX-сессиясы

 

2014-жылдын 16-майы № 6

“Айылдык аймакта тазалык акциясын өткөрүүгө

 акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө”

 

Айылдык аймактын өкмөт башчысынын орун басары Аликулов Таалайбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Отуз-Адыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдык аймакта тазалык акциясын өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 11,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айылдык аймагынын өкмөт башчысына тапшырылсын.(Базибай уулу Асанбек)

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин (Э.Ташматов).

 

Отуз-Адыр айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Базарбаев.С