Редакцияот 16.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIX-сессиясы

 

2014-жылдын 16-майы № 7

“Отуз-Адыр айылдык аймагынын Казак айылындагы

 мечитке молдо Асамидиндин ысмын берүү жөнүндө”

 

Казак айылынын тургундарынын жалпы жыйынынын протоколун карап чыгып айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Казак айылындагы мечитке молдо Асамидиндин ысмы берилсин.

2. Жогорудагы токтомду бекитип  берүү жагы райондук,облустук,Республикалык тиешелүү жогорку органдардан суралсын.

3. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап талап кылган инстанцияларга тапшыруу айылдык кеңештин депутаты М.Бектемировго милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.

 

Отуз-Адыр айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Базарбаев.С