Редакцияот 16.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIX-сессиясы

 

2014-жылдын 16-майы № 8

“Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсеп счетунда 2014-жылдын 01-январына карата калган 1187,438 миң.сом акча каражатын бөлүштүрүүдөн калган 311,438миң.сом акча каражатын 2014-жылы аткарылуусу зарыл болгон жумуштарды каржылоо үчүн бөлүп берүү жөнүндө”

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Камчыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсеп счетунда 2014-жылдын 01-январына карата калган  1187,438миң.сом акча каражатын бөлүштүрүүдөн калган 311,438миң.сом акча каражаты  төмөндөгү иштерди каржылоо үчүн төмөндөгүдөй тартипте бөлүнүп берилсин;

 

1)Башкаруу аппаратынын соц.фонд төлөмдөрү боюнча 2013-жылдагы карызына

-7,8миң.сом

2)Башкаруу аппаратынын электроэнергиясы боюнча 2013-жылдагы карызына

40.6миң.сом

3)Китепкананын соц.фонд төлөмдөрү боюнча2013-жылдагы карызына

-0.6миң.сом

4)Маданият үйүнүн соц.фонд төлөмдөрү боюнча 2013-жылдагы карызына

2.8миң.сом

5)Маданият үйүнүн электроэнергиясы боюнча 2013-жылдагы карызына

-10,0миң.сом

6)Билим берүү тармагы үчүн кышка карата көмүр алууга

-100,0миң.сом

7)Турак-жай,коммуналдык кызмат боюнча мектептер-дин аянтчаларына щагыл төгүүгө

-44,638миң.сом

8)Турак-жай,коммуналдык кызмат боюнча 5 даана трансформаторду РЭТке өткөрүүгө жана АПЗ даярдоого

-13.0миң.сом

9)Саламаттыкты сактоо боюнча имаратты ремонттоого

-92,0миң.сом

Бардыгы;

311,438миң.сом

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айылдык аймагынын өкмөт башчысына тапшырылсын (Базибай уулу Асанбек)

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.(Э.Ташматов)

 

Отуз-Адыр айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Базарбаев.С