Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XX-сессиясы
2014-жылдын 14-июлу № 2
“Отуз-Адыр айылдык аймагындагы айылдардагы көчөлөрдүн мурдагы аталыштарын калтыруу жана
ал айылдардагы аталышы жок көчөлөргө номер ыйгаруу жөнүндө”
Отуз-Адыр айылдык аймагындагы айылдардагы көчөлөрдүн мурдагы аталыштарын калтыруу жана ал айылдардагы аталышы жок көчөлөргө номер ыйгаруу максатында Отуз-Адыр айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылындагы 22(жыйырма эки) көчөнүн,Ынтымак айылындагы 2(эки) көчөнүн,Кара-Дөбө айылындагы 9(тогуз) көчөнүн,Кызыл-Абад айылындагы 8(сегиз) көчөнүн,Кыш-Абад айылындагы 11(он бир)көчөнүн мурдагы аталыштары калтырылсын.(тиркеме тиркелет)
2. Отуз-Адыр айылындагы аталышы жок 5(беш) көчөгө1ден 5ке чейинки номер,Ынтымак айылындагы аталышы жок 6(алты) көчөгө 1ден 6га чейинки номер,Кара-Дөбө айылындагы аталышы жок 6(алты) көчөгө 1ден 6га чейинки номер,Кыш-Абад айылындагы аталышы жок 5(беш) көчөгө 1ден 5ке чейинки номер,Савай-Арык айылындагы аталышы жок 5(беш ) көчөгө 1ден 5ке чейинки номер,Жаны Кызыл-Суу айылындагы аталышы жок 14(он төрт) көчөгө 1ден 14кө чейинки номер,Фархад (Тажибай) айылындагы аталышы жок 12(он эки) көчөгө 1ден 12ге чейинки номер ыйгарылсын.(тиркеме тиркелет)
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.(Базибай уулу Асанбек)
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.(Зикиров А)
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Базарбаев.С |