Редакцияот 01.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI-сессиясы

 

2014-жылдын 1-октябры № 2

“Отуз-Адыр айылдык аймагындагы

айылдарга айыл статусун берүү жөнүндө”

 

Отуз-Адыр айылдык аймагындагы Беш-Кепе, Чоок, Кожомбак, Казак, Ош-3000 жана Жаңы-Мамажан айылдарынын жашоочуларынын сунуштарын карап, талкуулап айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айылдык аймагындагы Беш-Кепе, Чоок, Кожомбак, Казак, Ош-3000 жана Жаңы-Мамажан айылдарына айыл статусу берилсин.

2. Ушул токтомду бекитип берүү Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Жогорудагы аталган айылдарга айыл статусун берүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жана бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө (Базибай уулу Асанбек) жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын. (К.Джумабаев)

 

Отуз-Адыр айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Базарбаев.С