ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI-сессиясы
2014-жылдын 1-октябры № 4
“Ж.Атабаев орто мектебине 63,8 миң сомго барабар кошумча 15 (он беш) тонна көмүр
жана ички жолдорду кышка карата оңдоп түзөө иштерине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Ж.Атабаев орто мектебинин директору Апышев Урбайдын жана Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Аликулов Таалайбектин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтү тарабынан Ж.Атабаев орто мектебине 63,8миң.сомго барабар кошумча 15 (он беш) тонна көмүр бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтү тарабынан айылдык аймактагы ички жолдорду кышка карата оңдоп-түзөө иштерине 230,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын. (Базибай уулу Асанбек)
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. (Э.Ташматов)
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Базарбаев.С |