ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI-сессиясы
2014-жылдын 1-октябры № 6
“2014-жылдын IV-кварталына карата балдар
бакчаларына тамак-аш алууга кошумча каралган атайын каражат жөнүндө”
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Камчыбеков Мамасабырдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2014-жылдын IV-кварталында балдар бакчаларына тамак-аш алууга ата-энелер тарабынан төлөнүүчү кошумча 224,5 миң сом атайын акча каражаты бекитилсин.
2. Жогорудагы 224,5 миң. сом атайын акча каражаты балдар бакчаларына тамак-аш алуу үчүн 2014-жылдын IV-кварталына бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын. (Базибай уулу А)
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(Э.Ташматов)
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Базарбаев.С |