Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI-сессиясы
2014-жылдын 1-октябры № 12
“Отуз-Адыр айылдык аймагына караштуу
Кыш-Абад айылындагы калктуу конуш фондунун жеринен
спорттук комплекс куруу үчүн жер тилкесин ажыратып
берүү жөнүндө”
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башкы адиси Базарбаев Төлөнбайдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыш-Абад айылынын генпланынын негизинде калктуу конуш фондунун жеринен спорттук комплекс куруу үчүн 0,15га жер тилкеси ажыратылып берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын.(Базибай уулу Асанбек)
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (С.Атамбиев.)
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Базарбаев.С |