Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин V чакырылышынын XI-сессиясы
2014-жылдын 11-апрели № 87
“Жазы” акционердик коому ишканасынын төрагасы Кимсанов Абдыкеримдин 2013-
жылдын 25-сентябрындагы № 38 сандуу кайрылуу катынын негизинде жана Салам-
Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылынын Кудук участкасындагы № 1692
контурунда жайгашкан таштуу, мурдагы сел түшкөн жайыт жер аянтын башка
жер категориясына которуу (трансформация) жөнүндө”
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдин жашоо турмушун жакшыртуу, социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомунун негизинде бекитилген “Жер участогун бир категориядан башка категорияга которуу (трансформация) жөнүндөгү Жобого” ылайык Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 12-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылынын Кудук участкасындагы № 1692 контурунда жайгашкан 0,20 га (жыйырма) сотых таштуу, мурдагы сел түшкөн жайыт жер аянтынын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер” категориясына (трансформация) которуу жагы Өзгөн райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсын.
2. Жогорудагы токтомду аткарууда, тийиштүү иш кагаздары менен камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт жана энергетика тармактары боюнча туруктуу коммиссияга тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрагасы |
П.Жунусалиев |