Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин V чакырылышынын XI-сессиясы
2014-жылдын 11-апрели № 90
“Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша
бөлүктөрүнүн аткарылышын жана 2014-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша
бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү, ошондой эле 2015-2016-жылдарга бюджеттеринин киреше
жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жөнүдөгү айыл кеңешинин 2014-жылдын
4- мартындагы № 81 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын жана 2014-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жана 2015-2016-жылдарга бюджеттеринин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө Салам-Алик айыл Кеңешинин 5-чакырылыштагы 11-сессиясынын 2014-жылдын 4-мартындагы № 81 токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча айыл кеңешинин 5-чакырылыш 12-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү такталган план:
22921,0 миң сом
Аткарылганы трансферт менен: 27178,1 миң сом
2. Айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгү план:
23344,2 миң сомго
аткарылганы: 22929,5 миң сомго
бекитилсин
3. Айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 11987.5миң сомго өзгөртүлүп бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү 11987.5миң сомго өзгөртүлүп бектилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн 2015-2016-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алуда, такталуга жатаары белгиленсин.
6. КР бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө мыйзамдын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 119,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте, коргоого алынган беренелер (эмгек акы, социалдык фондко чегерүү, тамак-аш, дары дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандыруларга чегерүүлөргө) каржылануусу белгиленсин.
8. Айланма кассалык калдык (оборотные кассовые наличности) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлүүчү накталай акча каражаты 2015-жылдын 1-январына карата 50,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Айыл өкмөтүнүн 2013-жылы бюджеттин чыгаша бөлүгүнө белгиленип каржыланбай калган каражаттар 2014-жылдагы бюджеттин аткаруу чегинде каржылоо сунуш кылынсын.
10. Токтомду аткаруу Салам-Алик айыл кеңешинин бюджет, экономика, финансы жана байланыш тармактары боюнча туруктуу коммиссияларына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрагасы |
П.Жунусалиев |