Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин V чакырылышынын XI-сессиясы
2014-жылдын 11-апрели № 91
“Кызыл-Чарба айылынын жаңы чектеги ички
көчөсүнө ат коюу жөнүндө”
Кызыл-Чарба айылынын жаңы чектеги ички көчөсүнө ат коюу жөнүндө Кызыл-Чарба айылынын элдик жыйынын 2014-жылдын 1-апрелиндеги №1 протоколуна ылайык айыл кеңешинин 5-чакырылыш 12-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Чарба айылынын жаңы чектеги ички көчөсүнө ат коюу жөнүндө Кызыл-Чарба айылынын элдик жыйынын 2014-жылдын 1-апрелиндеги №1 протоколуна ылайык Кызыл-Чарба айлынын жаңы чектеги ички көчөсүнө Асанбеков Эрмекбайдын ысымы ыйгарылсын жана “Асанбеков Эрмекбай” атындагы көчө деп аталсын.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика, коомдук уюмдар, дин иштери жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрагасы |
П.Жунусалиев |