Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин V чакырылышынын XI-сессиясы
2014-жылдын 11-апрели № 95
“Айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдин малын баккан малчы-чабандардын эмгек акысын
бекитүү жана айдоо аянттарды, чөп ормо жерлерин малга тебелетип жедиргендиги үчүн
жазана салуу жөнүндө”
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдин малын баккан малчы-чабандардын эмгек акысын бекитүү жана айдоо аянттарды, чөп ормо жерлерин малга тебелетип жедиргендиги үчүн жазана салуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Бешимбаевдин маалыматын угуп айыл кеңешинин 5-чакырылыш 12-сесиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн элдеринин малын баккан малчы-чабандардын эмгек акысы төмөндөгү тарифте бекитилсин:
Кара мал жана жылкыга | 300-00 сом; |
Кой-эчкиге | 70-00 сом |
2. айыл өкмөтүнүн аймагыдагы айдоо аянттарды, чөп ормо жерлерин малга тебелетип жедиргендиги үчүн төмөндөгү жазана тартиби киргизлсин:
Кара мал жана жылкыга | 300-0 сом |
Кой эчкиге | 100-00 сом |
3. Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрагасы |
П.Жунусалиев |