Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин V чакырылышынын XI-сессиясы
2014-жылдын 11-апрели № 97
“Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашап жаткан
элдердин таза суу пайдалануучулардын
тарифин бекитүү жөнүндө”
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашап жаткан элдердин суу пайдалануучулардын тарифин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Бешимбаевдин маалыматын угуп айыл кеңешинин 5-чакырылыш 12-сесиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдердин суу пайдалануучулар төмөндөгүдөй тарифтик тартиби киргизилсин:
а) үйүнө суу түтүгүн киргизүү үчүн | 3000-00 сом; |
б) үйүнө киргизген үйлөргө, ай сайын жан башына | 20-00 сом; |
в) көчөдөн суу пайдалангандыгы(ичкендиги) үчүн | 15-00 сом; |
г) элди тейлеген мончо иштеткен суу пайдалануучуга, айына | 200-00 сом; |
2. Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрагасы |
П.Жунусалиев |