Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин V чакырылышынын XI-сессиясы
2014-жылдын 11-апрели № 98
“Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-
январына калган калдык үчүн жергиликтүү
бюджетке кошумча смета кабыл алуу боюнча”
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-январь айына калган эсептик счетундагы калдык акча каражатын максаттуу пайдалануу үчүн Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Нуралиева Канышайдын билдирүүсүн угуп Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылышынын 12-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-январына эсептик счетто калган акча каражатына жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилип, кошумча смета, чыгаша бөлүгүнүн бюджетине 4671,9 миң сомго кошумча смета түзүлсүн.
2. Жергиликтүү бюджеттин жана атайын каражат эсебинен чыгаша бөлүгүнүн төмөндөгү раздельдерине өзгөртүү киргизилсин:
Башкаруу аппаратынын | 2214 статьясына | 70,0 миң сом |
2215 статьясына |
| 200,0 миң сом |
Айыл чарбасынын | 2215 статьясына | 1065,0 миң сом |
Ж.К.Х | 2215 статьясына | 2209,0 миң сом |
Билим берүүгө | 2215 статьясына | 1069,1 миң сом |
Соц. Коргоого | 2721 статьясына | 58,8 миң сом |
Бардыгы болуп | Х | 4671,9 миң сом( төрт миллион алты жүз жетимиш бир миң тогуз жүз ) сом. |
3. Жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын өз максатында сарпталуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы, башкы бухгалтер Нуралиева Канышайга милдеттедирилсин.
4.Токтомду көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин финансы, экономика, бюджет жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрагасы |
П.Жунусалиев |