Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин V чакырылышынын XI-сессиясы
2014-жылдын 11-апрели № 102
“Кош-Этер айылына бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен Кош-Этер айылындагы
маданият клубун толук ремонттон өткөрүү үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө”
Кош-Этер айылынын тургундарынын 2014-жылдын 14-мартындагы жалпы элдин чогулушунун жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттын жобосунун негизинде Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 12-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Этер айылындагы элдин пайдалануусундагы маданият клубун толук капиталдык ремонт жасоо үчүн Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 12-сессиясынын 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 98 токтому менен бекитилген акча каражатынын ичинен жалпы сметалык сумманын 10% же 49600-00 (кырк тогуз миң алты жүз ) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн салымы катары бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин бюджет, финансы, байланыш, экономикалык жактан өнүгүүнү болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрагасы |
П.Жунусалиев |