Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин V чакырылышынын XI-сессиясы
2014-жылдын 11-апрели № 106
“Ак-Терек айылындагы “Зындан” көпүрөсүн
капиталдык оңдоого өздүк салым үчүн акча
бөлүп берүү жөнүндө”
Ак-Терек айлынын тургундарынын жалпы чогулушунун жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттын жобосунун негизинде Салам-Алик айыл кеңешинин 5-шайланган 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Терек айылындагы дем берүүчү грант аркылуу капиталдык оңдоо жүргүзүлө турган “Зындан” көпүрөсүнө айыл өкмөтүнүн бюджетинен 46,5 м.сом (кырк алты миң беш жүз ) сом бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы акча каражатын тийиштүү статьядан бөлүп берүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин финансы, экономика, бюджет жана байланыш тармактары боюнча туруктуу коммиссияга тапшырылсын..
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрагасы |
П.Жунусалиев |