Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин V чакырылышынын XI-сессиясы
2014-жылдын 11-апрели № 109
“Салам-Алик өкмөтүнүн Салам-Алик айылына
Өзгөн РЭТ ишканасынын бөлүмү үчүн кеңсе
курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө”
Өзгөн РЭТ ишканасынын жетекчилигинин 2014-жылдын 9-апрелиндеги № 197 өтүнүч катына ылайык жана көпчүлүк депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн тургундарына үзгүлтүктсүз электр энргиясын берүү жана пайдаланган электр энергиясынын төлөмдөрүн өндүрүүнү өз жеринде чечүүдө Салам-Алик айылынан РЭТ ишканасынын Салам-Алик бөлүмүнө кеңсе куруу үчүн 0.04 га жер участогу бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду аткаруу жана башкы пландын негизинде тийиштүү документтерди жасоо Өзгөн шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт жана энергетика тармактары боюнча туруктуу коммиссияга тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрагасы |
П.Жунусалиев |