Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин V-чакырылышынын сессиясы
2014-жылдын 18-августу № 21/72
“Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы)
туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 32–беренесинин 2–бөлүгүнө жана шаардык кеңештин Регламентине негиз, шаардык кеңештин Республика фракциясынан шаардык кеңештин депутаттыгынан чыгып кеткен депутаттардын ордуна депутаттык мандат алган 2 жаңы депутаттарды шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына кошуу жана айрым туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүү киргизүү максатында, депутаттар тарабынан берилген сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин депутаты Халмурзаев Данияр Абишович шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлүгүнөн чыгарылып, шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр–жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.
2. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына депутат мамадиев Аскар Адылович киргизилсин.
3. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин экономика, миграция, жумушсуздук, туризм жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын курамына Республика фракциясынан депутат Салиев Өмүрбек Абдыкаарович киргизилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасы А.Маткалыковго жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Маткалыков |