КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин V-чакырылышынын сессиясы
2014-жылдын 29-августу № 22/74
“Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук
башталыштагы орун басарын шайлоо жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 32–беренесинин 2–бөлүгүнө жана шаардык кеңештин Регламентине негиз, шаардык кеңештин Республика фракциясынан шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланган депутат Кыргызбаева Бүбүниса Хабибуллаевнанын шаардык кеңештин депутаттыгынан чыгып кеткендигине байланыштуу, шаардык кеңештин Республика фракциясы тарабынан берилген сунушту эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп Республика фракциясынан депутат Салиев Өмүрбек Абдукарович шайланды деп эсептелсин.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Маткалыков |