Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин V-чакырылышынын сессиясы
2014-жылдын 14-октябры № 23/75
“Кызыл–Кыя шаарынын калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну
жакшыртуу боюнча «Кызыл–Кыя Сууканал» муниципалдык
ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө”
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2014–жылга кабыл алынган иш планына ылайык, маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын–сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча «Кызыл–Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө «Кызыл–Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Сатыбалдыевдин билдирүүсү эске алынып, жылдын жыйынтыгы менен отчету угулсун.
2. Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Халмурзаевке милдеттендирилсин:
– шаар калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу системасын реабилитацилоо долбоорунун алкагында республикалык бюджеттен 2014–жылга бөлүнгөн акча каражаттарын толук иштетүүнү камсыз кылуу менен Исфайрам водоводунун магистралдык асбест–цемент трубаларын металл трубаларга алмаштыруу иштерин аягына чыгаруу жагы;
– шаар калкын ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу үчүн шаардагы ички суу түтүктөрүнүн алмаштыруу боюнча шаардын жергиликтүү бюджетинен 2014–жылга акча каражатын бөлдүрүү жана долбоорлорду жазып, донорлорго кайрылуу боюнча максаттуу иштерди алып баруу жагы;
3. Кызыл–Кыя шаарынын «Кызыл–Кыя Сууканал» муниципалдык мекемесинин жетекчилигине (А.А.Сатыбалдыевке) милдеттендирилсин:
– көрсөтүлгөн кемчилдиктерди бир айлык мөөнөттө жоюу жана калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында ички суу түтүктөрүнүн жарылган жерлерин бүтөө, суу берүүчү колонкаларга вентильдерди коюу, Исфайрам жана Кулуштан водоводдорунан келүүчү суулардын дебетин жогорулатуу боюнча толук кандуу иштерди жүргүзүү жагы;
– шаардагы административдик–аймактык округдардын (АТОлордун) башчылары, кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары жана шаарга караштуу айылдардын айыл башчылары менен биргеликте шаар калкынын арасында ичүүчү сууну үнөмдүү пайдалануу, ичүүчү сууну жана канализацияны пайдалангандыктары үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөө жана суу өлчөөчү счетчиктерди орнотуу боюнча максаттуу иштерди алып баруу жагы;
4. Ушул токтом шаардагы «Мезгил Жарчысы», «Содружество» жана «Белес» газеталарына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Маткалыков |