Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин V-чакырылышынын сессиясы
2014-жылдын 14-октябры № 23/76
“Кызыл–Кыя шаардык дене–тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2014–жылдын 9 айында шаарда спорт тармагын өнүктүрүү багытында алып барган иштери жөнүндө”
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2014–жылга кабыл алынган иш планына жана шаардык кеңештин саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча чечимине ылайык, маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын–сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2014–жылдын 9 айында шаарда спорт тармагын өнүктүрүү багытында алып барган иштери жөнүндө шаардык дене–тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Таштемировдун маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаардык дене–тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчилигине шаарда спорт тармагын мындан ары өнүктүрүү багытындагы перспективалык иш план иштеп чыгып, аны аткаруунун үстүндө максаттуу багытта иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Маткалыков |