Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин V-чакырылышынын сессиясы
2013-жылдын 4-ноябры № 12/34
“Кызыл–Кыя шаарына караштуу Караван айылынын
К.Орозов көчөсүнүн атын өзгөртүп, ал көчөгө СССРдин Эл мугалими
Н. Мусаевдин ысмын ыйгаруу жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, шаардын азыркы Караван айылынын К.Орозов көчөсүнө, СССРдин Эл мугалими Нажимидин Мусаевдин басып өткөн жолун жаш муундарга өрнөк катары көрсөтүү, Нажимидин Мусаевдин 80 жылдыгынын урматына анын ысмын түбөлүккө эскерүү максатында Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарына караштуу Караван айылынын К.Орозов көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, ал көчөгө Нажимидин Мусаевдин ысмы ыйгарылсын.
2. Кызыл–Кыя шаарына караштуу Караван айылынын К.Орозов көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, ал көчөгө Н.Мусаевдин ысмын ыйгарууга байланышкан чыгымдар Н. Мусаевдин балдары жана анын жакын туугандарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Маткалыков |