Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин V-чакырылышынын сессиясы
2013-жылдын 4-ноябры № 12/35
“Кызыл–Кыя шаарына караштуу Караван айылында туулуп өскөн
“СССРдин Эл мугалими” Н. Мусаевдин 80 жылдыгына карата маданий иш чараларды өткөрүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, “СССРдин Эл мугалими” Нажимидин Мусаевдин басып өткөн жолун өсүп келе жаткан жаш муундарга өрнөк катары көрсөтүү максатында, Нажимидин Мусаевдин 80 жылдыгынын урматына арналган маданий иш чараларды өткөрүү үчүн Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарына караштуу Караван айылында туулуп өскөн “СССРдин Эл мугалими” Нажимидин Мусаевдин 80 жылдык мааракесин “Караван” аймактык башкармалыгы аркылуу маданий иш чараларды өткөрүү үчүн 197,0 (бир жүз токсон жети) миң сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүү жагы шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы И.Жолдошовко милдеттендирилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Маткалыков |