Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин V-чакырылышынын сессиясы
2013-жылдын 20-декабры № 13/36
“Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2013–жылдын 28–мартындагы 4/7 “Кызыл–Кыя
шаарынын кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларына, коммуналдык кызматтарга төлөнүүчү төлөмдөрдөн жеңилдиктерди берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31–жана 55–беренелерине негиз, шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени сессияга сунуштоо боюнча чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2013–жылдын 28–мартындагы 4/7 “Кызыл–Кыя шаарынын кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларына, коммуналдык кызматтарга төлөнүүчүтөлөмдөрдөн жеңилдиктерди берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
–токтомдун пунктунун 3–пунктунун 4–катарындагы “бир кишиге” деген сөз, “жалпы үй бүлөөсүнө” деген сөзгө алмаштырылсын;
–токтомдун 4– пунктунун 4–катарындагы “бир кишиге” деген сөз, “жалпы үй бүлөөсүнө” деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча жана укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Маткалыков |