Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин V-чакырылышынын сессиясы
2013-жылдын 20-декабры № 123/37
“Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин жана шаардын мэриясынын органы болгон “Мезгил жарчысы” газетасынын уставына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, шаардык “Мезгил жарчысы” газетасынын 2013–жылдын 27–октябрындагы №48 кайрылуу катын эске алып, “Мезгил жарчысы” газетасынын толук кандуу иштөөсүнө шарт түзүү максатында Кызыл- Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин жана шаардын мэриясынын органы болгон “Мезгил жарчысы” газетасынын шаардык кеңештин 2011–жылдын 19–октябрындагы №27/143 токтому менен өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген уставына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
–уставдын Х. Корутунду жобонун 10.3. пунктундагы “эки” деген сөз, “төрт” деген сөзгө алмаштырылсын;
2. Суралсын Баткен облустук Адилет башкармасынан Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин жана шаардын мэриясынын органы болгон “Мезгил жарчысы” газетасынын уставына өзгөртүү киргизилген уставын мамлекеттик катоодон кайрадан өткөрүп күбөлүк берүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Маткалыков |