Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин V-чакырылышынын сессиясы
2013-жылдын 20-декабры № 13/38
“Кызыл–Кыя шаарынын 2013–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 2013–жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, Кызыл–Кыя шаардык каржы бөлүмүнүн 2013–жылдын 6–ноябрындагы №211 кайрылуу каты боюнча Кызыл–Кыя шаарынын 2013–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 2013–жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы жөнүндөгү маселе шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясында каралып, Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржылануучу бюджеттик мекемелердин 2013–жылга каралган акча каражаттарынын статьяларына өзгөртүүлөрдү киргизип берүү жөнүндө өздөрүнүн кайрылуу каттарына ылайык такталгандыгын жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын 2013-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 2013–жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен киреше бөлүгүнүн аткарылышы 142839,3 миң сом, чыгаша бөлүгү 136846,6 миң сом өлчөмүндө аткарылгандыгы бекитилсин. (тиркемелер тиркелет).
2. Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржылануучу бюджеттик мекемелердин 2013–жылга каралган акча каражаттарынын статьяларына өзгөртүүлөр №1–тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Маткалыков |