КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин V-чакырылышынын сессиясы
2013-жылдын 20-декабры № 13/39
“Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик департаментинин 2013–жылдын 9 айында алып барган иштери жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик департаментинин 2013–жылдын 9 айында алып барган иштери жөнүндө маалыматы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясында каралып, туруктуу комиссиянын чечими менен маселе шаардык кеңештин сессиясына сунушталгандыгын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик департаментинин 2013–жылдын 9 айында алып барган иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын. (Тиркемелер тиркелет).
2. Милдеттендирилсин Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик департаментине (А.Эрматовко) социалдык обьектилерди куруу жана шаардын муниципалдык менчигиндеги социалдык обьектилерди ремонттоо иштерин шаардын 2013–2016–жылдарга өнүгүү Программасына негиз жүргүзүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча жана коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Маткалыков |