Загрузка документа…
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин V-чакырылышынын сессиясы
2013-жылдын 4-ноябры № 12/31
“Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2013–жылга кабыл алынган бюджетине каралган акча каражаттарынын статьялардан статьяларга которуп берүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, Кызыл–Кыя шаарынын 2013–жылга шаардык бюджети жөнүндөгө маселе шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын 2013–жылга кабыл алынган 10 айынын жыйынтыгы менен аткарылышына төмөнкү бюджеттик мекемелердин чыгаша статьяларына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Кызыл–Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн 22152100 “Учурдагы оңдоо” статьясынан 20,0 миң сом, 22155300 “Эмеректер сатып алуу” статьясынан 47,75 миң сом, 3111 “Актив жана милдеттенмелер” статьясынан 130,0 миң сомго кыскартылып, 22121200 “Электроэнергиясына болгон төлөмдөр” статьясына көбөйтүлүп берилсин.
Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын 2013–жылдын 7–августундагы №841 «2013–жылга шаардын бюджетине ЮСАИД институтунун долбоорлорунун үлүшүнө каралган 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражатын төрөт үйүнүн ремонтуна жылдырууну сунуштоо жөнүндө” кайрылуу каты Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан 2 800 000 (эки миллион сегиз жүз миң) сом акча каражаты түрткү берүүчү үлүштүк грант келбегендигине байланыштуу, муниципалдык менчик департаменти аркылуу шаардын төрөт үйүн оңдоо–түзөө иштерине жумшоого уруксат берилсин.
Кызыл–Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн 2013–жылдын 3–сентябрындагы “Акча каражатын статьядан статьяга которуп берүү жөнүндө” кайрылуу катына негиз, шаардык ички иштер бөлүмүнүн 2218 “Тамак-аш алуу” статьясынан 30,0 миң сомго кыскартылып, 22153100 ”Имараттарды жана бөлмөлөрдү кармоого санитардык кызматтарга төлөө” статьясына 30,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
Кызыл–Кыя шаарындагы №6 Т.Сатылганов атындагы орто мектебинин 2013–жылдын 6–сентябрындагы №21 “2013–2014–окуу жылына мектепти кышка даярдоо боюнча, мектептин жылытуу системасын оңдоп түзөө үчүн муниципалдык менчик боюнча департаментинин 3111 “Активдер” статьясынан 207,3 миң сом кыскартылып, Т.Сатылганов атындагы №6 орто мектебинин 222152100 “Учурдагы ондоо” статьясына 207,3 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
Кызыл–Кыя шаарына караштуу “Караван” аймактык башкарматыгынын 3112 “Активдер” статьясынан 300,0 (үч жүз миң) сомго кыскартылып, 3111 “Активдер” статьясына 300,0 (үч жүз) миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
Кызыл–Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2121200 “Учурдагы оңдоо” статьясынан 100,0 (жүз миң) сом, 22156900 “Башка чыгымдар” статьясынан 50,0 (элүү миң) сом, 3111 “Актив жана милдеттенмелер” статьясынан 150,0 (жүз элүү миң) сом, бардыгы болуп 300,0 (үч жүз) миң сомго кыскартылып, 22121200 “Электроэнергияга төлөөлөр” статьясына көбөйтүлүп берилсин.
Кызыл–Кыя шаарынын №2–Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы орто мектебинин 22121200 “Электроэнергияга төлөөлөр” статьясынан 9,0 (тогуз миң) сом, №9–У.Гулматов атындагы орто мектебинин 22121200 “Электроэнергияга төлөөлөр” статьясынан 5,0 (беш миң) сом, №12–А.Осмонов атындагы толук эмес орто мектебинин 22121200 “Электроэнергияга төлөөлөр” статьясынан 6,0 (алты миң) сом, бардыгы болуп, 20,0 (жыйырма миң) сомго кыскартылып, билим берүү бөлүмүнүн 22121100 “Сууга төлөөлөр” статьясына көбөйтүлүп берилсин.
Кызыл–Кыя шаарына караштуу Ак–Булак айылынын “Күнгөй” учаскасына таза суу алып келүү үчүн кошумча. Шаардын бюджетинин экономикалык бөлүкчөсүнүн 3111 “Активдер” статьясынан 981,0 (тогуз жүз сексен бир миң) сомго кыскартылып, муниципалдык менчик департаментинин 3111 ”Активдер” статьясына 981,2 (тогуз жүз сексен бир миң эки жуз) сомго көбөйтүлуп берилсин.
Кызыл–Кыя шаарынын №2–Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы орто мектебинин 2211 “Сапардама чыгымдар” статьясынан 10,0 (он мин) сомго кыскартылып, 22153100 “Имарат жайлардын санитарлык кызматы” статьясына 10,0 (он миң) сомго көбөйтүлүп берилсин.
Кызыл–Кыя шаардык дене–тарбия жана спорт бөлүмүнүн 22155300 “Эмеректерди сатып алуу” статьясынан 30,0 (отуз миң) сомго кыскартып, 22156900 “Башка чыгымдар” статьясына 30,0 (отуз миң) сомго көбөйтүлүп берилсин.
Кызыл–Кыя шарыдык кеңешинин 3112 “Эмеректерди сатып алуу” статьясынан 40,0 (кырк миң) сомго кыскартылып, 22156900 “Башка чыгымдар” статьясына 40,0 (кырк миң) сомго көбөйтүлүп берилсин.
Экономикалык бөлүкчөнүн 3111 “Активдер” статьясынан 59,7 (элүү тогуз мин жети жүз) сомго кыскартылып, муниципалдык менчик департаментинин 3112 “Активдер” статьясына, 37,7 (отуз жети мин жети жүз) сомго, шаардын №4–А.С.Пушкин атындагы орто мектебине МЭРСИКО проектисинен уткан проектине өздүк салым катары бөлүп берүү үчүн көбөйтүлүп берилсин. “Караван” аймактык башкармалыгынын 3112 “Активдер” статьясына 22,0 (жыйырма эки миң) сомго, №10 – А.П.Гайдар атындагы орто мектебине МЭРСИКО проектисинен уткан проектине өздүк салым катары бөлүп берүү үчүн көбөйтүлүп берилсин.
Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын 22152100 “Учурдагы оңдоо” статьясынан 190,0 (бир жүз токсон миң) сом акча каражаты кыскартылып, 22122100 “Байланыш үчүн төлөмдөр” 3112 “Активдер” статьясына 200,0 (эки жүз миң) сомго көбөйтүлүп берилсин.
Экономикалык бөлүкчөнүн 3111 “Активдер” статьясынан 50,0 мин сомго кыскартып шаардык маданият бөлүмүнө сатылып алынган музыкалык аппаратуранын карызын төлөө үчүн 3112 “Активдер” статьясына 50,0 (элүү миң) сомго көбөйтүлүп берилсин.
Кызыл–Кыя шаарынын “Караван” аймактык башкармалыгынын Жин–Жиген айылына “ФАБ” куруу үчүн “ДКЖА” долбооруна шаардын жергиликтүү бюджетинин үлүшү катары Экономикалык болукчонун 311 “Активдер” статьясынан 240,0 мин сомго кыскартылып “Караван” аймактык башкармалыгынын 3111 “Активдер” статьясына 240,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
Кызыл–Кыя шаардык аскер комиссариатынын 2013–жылга чыгаша сметасына кошумча 139,9 миң сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин экономикалык бөлүкчөсүнун 311 “Активдер” статьясынан кыскартып, 2111 “эмгек акы” статьясына 47,0 мин сомго, 2121 “соцфондко чегеруу” статьясына 12,9 мин сомго, 22121100 “Сууга төлөөлөр” статьясына 15,0 мин сомго, 22121200 “Электр энергияга толом” статьясына
40,0 мин сомго жана 22122100 “Телефон чыгымдары” статьясына 25,0 мин сомго көбөйтүлүп берилсин.
Кызыл–Кыя шаарынын Т. Кулатов көчөсүндөгү балдар бакчасынын ремонтуна суралган 918,3 мин сом акча каражаты 2013–жылда муниципалдык менчик департаментинин билим берүү тармагына каралган акча каражатынын эсебинен каржылансын.
Кызыл–Кыя шаарынын “Кызыл–Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин “Кыргыз Республикасынын Айлана чөйрөнү коргоо жана Токой чарбасын өнүктүрүү агенттигине жазылган 1,1 млн сомдук проектке жергиликтүү бюджеттин салымы катары жергиликтүү бюджеттен 300,0 (үч жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү боюнча маселе акча каражатынын бөлүнгөндүгү боюнча шаардык кенешке жана шаардын мэриясына доолбоорду уткандыгы тууралуу билдирилсин жана шаардык үлүштү муниципалдык менчик боюнча департаментинин 2013–жылдагы бюджетинен каржылансын.
Кызыл–Кыя шаарына караштуу Караван айылындагы №22 “Ласточка” балдар бакчасына бир беседка курууга Экономикалык болукчонун 311 “Активдер” статьясынан 100,0 мин сомго кыскартылып, ТУ “Каравн” башкармалыгынын 3111 “Активдер” статьясына көбөйтүлүп берилсин.
Кызыл–Кыя шаардык “Караван” аймактык башкарматыгына 2013–жылга бекитилген бюджетинен 200,0 (эки жүз миң ) сом акча каражатын “Беш–Баатыр” суу пайдалануучулар ассоцияциясына эксковатор сатып алуу үчүн кайтаруу жолу менен “Караван ” аймактык башкармалыгына уруксат берилсин.
Кызыл–Кыя шаарынын №7–Т. Иметов атындагы орто мектебинин окуучулар жуунуп кийинүүчү бөлмөлөрүн оңдоо үчүн эканомикалык бөлүкчөнун 311 “Активдер” статьясынан 45,1 (кырк беш миң бир жүз) сом кыскартылып муниципалдык менчик департаментинин 3111 “Активдер” статьясы 45,1 (кырк беш миң бир жүз)мин сомго көбөйтүлүп берилсин.
Кызыл–Кыя шаарынын №5–Ч.Айтматов атындагы орто мектебине балдардын жана мугулимдердин стол стулдарын сатып алууга муниципалдык менчик департаментинин 3111 “Активдер” статьясынан 395,3 мин сомго кыскартылып, 3112 “Активдер” статьясына 395,3 мин сомго көбөйтүлүп берилсин.
Кызыл–Кыя шаардык билим берүү бөлүмү республикалык бюджетке каржылоого өткөндүгүнө байланыштуу 2013–жылдагы сметасында каралган акча каражаттары толугу менен 2013–жылдын 31–декабрына чейин каржылансын жана каржы болумунун башчысы И. Жолдошовко милдеттендирилсин.
Китепканаларды ремонтоо үчүн шаардык экономикалык бөлүкчөнүн 3111 «Активдер» статьясынан 70,0 миң сомго кыскартып, мвдвният бөлүмүнүн 3111 «Активдер» статьясына көбөйтүлүп берилсин.
Кызыл–Кыя шаарынын аймактык ооруканасынын «Караван» айылындагы бөлүмүнүн ашканасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн Экономикалык болукчодон 251,8 мин сомго кыскартылып, “Караван” аймактык башкармалыгынын 3111 “Активдер” статьясына көбөйтүлүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңешинин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Маткалыков |