Загрузка документа…
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин V-чакырылышынын сессиясы
2013-жылдын 4-ноябры № 12/32
“Кызыл–Кыя шаарынын «Беш–Баатыр» суу пайдалануучулардын
ассоциациясына берилүүчү техникалык кредитин төлөөгө кепилдик берүү жөнүндө“
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, шаардык кеңештин бюджет,финансы жанна фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин алдында шаардын “Беш–Баатыр” суу пайдалануучулар ассоцияциясына техникалык кредит алуусу үчүн түзүлгөн келишимге ылайык Кызыл–Кыя шаарынын мэриясына кепилдик берүүгө милдеттендирилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңешинин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Маткалыков |