Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-декабры № 11-7-1
“Майлуу-Суу шаарында жайгашкан кафе, магазиндердин иштөө убактысын жана спирттик ичимдиктерди сатуусун чектөө жөнүндө”
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2014-ж.26.11 №01-14/1582 спирттик ичимдиктерди кафе, магазиндерде сатуу убактысын чектетүү жөнүндө катын, вице-мэр З.Расуловдун, шаардык ички иштер бөлүмүнүн (ШИИБ) жетекчиси А.Малабековдун, шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.А. Сүйүмбаевдин маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2014-ж.26.11 №01-14/1582 спирттик ичимдиктерди кафе, магазиндерде сатуу убактысын чектетүү жөнүндө каты, вице-мэр З.Расуловдун, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси А.Малабековдун, шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.А. Сүйүмбаевдин маалыматтары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарында жайгашкан кафе, магазиндердин иштөө убактысы жана спирттик ичимдиктерди сатуу убактысы төмөндөгүдөй чектелсин: күз-кыш мезгилинде 22-00 жана жаз-жай мезгилинде 23-00-го чейин.
3. ШИИБдүн жетекчилигине (А.Малабеков) коомдук көңүл ачуу иш чараларын, айрыкча дикотекаларды өткөрүүдө коомдук тартипти коргоо боюнча иш чаралары күчөтүлсүн, өз ыктияры менен болгон дружинниктерди тартуусу менен.
4 .Майлуу-Суу шаарында жайгашкан билим берүү окуу жайларынын жетекчилерине коомдук көңүл ачуу иш чараларда өзүнүн жүрүш-турушу эрежелери боюнча окуучулар, студенттер менен тарбиялык түшүндүрүү иш чараларын алып барышсын.
5. Майлуу-Суу шаарынын мэриясына (К.Сатыбалдиев) Майлуу-Суу шаарында жайгашкан кафе, магазиндердин чектелген иштөө убактысын, спирттик ичимдиктерди сатуусунун чектелишин текшерүү максатында шаардын жетекчилеринен, мыйзамды коргоочу уюмдардын жана коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлсүн.
6. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине (Д.Караева) жөнөтүлсүн.
7. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына (К.А. Сүйүмбаев) жүктөлсүн.
Майлуу-Суу шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р.К.Бакалаев
|