Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-декабры № 11-7-3
“Майлуу-Суу шаардык кеңештин укуктук ченемдик актыларын мамлекеттик тилинде кабыл алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндө” Мыйзамдын 26-беренесинин 1.1 п.п. негизинде жана Майлуу-Суу шаардык мамлекеттик статистика бөлүмүнүн Майлуу-Суу шаардын калкынын ичинен мамлекеттик тилди билгендер көпчүлүктү түзгөндүгү жөнүндө маалым катын карап, талкуулап чыгып, депутаттардын сунушун угуп, Майлуу-Суу шаардык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык кеңештин укутук ченемдик актылары мамлекеттик тилинде, ал эми керектүү учурларда расмий тилинде кабыл алынсын.
2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине (Д.Караева) жөнөтүлсүн.
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына (К.А. Сүйүмбаев) жүктөлсүн.
Майлуу-Суу шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р.К.Бакалаев
|