Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-декабры № 11-7-4
“Майлуу-Суу шаарындагы аксакалдардын сотун аныктоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын №113 05.07.2002-ж.“Аксакалдардын соттору жөнүндө” Мыйзамдын 8, 10, 12-беренелеринин жана “Майлуу-Суу шаарынын аксакалдар сотторун эсептик каттоодон өткөрүү жөнүндө жобонун” негизинде, Майлуу-Суу шаардык мамлекеттик статистика бөлүмүнүн Майлуу-Суу шаардын тургундарынын саны 25 миңден жогору эмес болгондугу жөнүндө маалым катын карап, талкуулап чыгып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын аймагында иш алып баруу үчүн 7 мүчөдөн турган бир аксакалдардын соту аныкталсын.
2. Аныкталган аксакалдардын соту “Майлуу-Суу шаарынын аксакалдар сотторун эсептик каттоодон өткөрүү жөнүндө жобонун” негизинде каттого алынсын жана эсепке алуу каттоосу жөнүндө күбөлүгү берилсин .
3. Майлуу-Суу шаарынын аксакалдар сотунун 7 мүчөсү күбөлүк менен камсыздалсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине (Д.Караева) жөнөтүлсүн.
5. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына (К.А. Сүйүмбаев) жүктөлсүн.
Майлуу-Суу шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р.К.Бакалаев
|