Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-декабры № 11-7-5
“Майлуу-Суу шаардык 2014-2015-ж.ж. комуналдык, өнөр жай, саламаттыкты сактоо тармагы, окуу жайлары жана башка мекемелеринин кышка даярдык көрүү иштеринин жүрүшүн кароо жөнүндө”
Майлуу-Суу шаардык кеңештин өнөр жай, энергетика, транспорт, курулуш, коммуналдык чарбалар жана соода-сатык боюнча шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы А.С.Асановдун,Майлуу-Суу шаарынын мэри, 2014-2015-жылдарынын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штабынын төрагасы К.У.Сатыбалдиевдин, Майлуу-Суу шаарынын коммуналдык кызматын өтөөчү мекемелеринин, саламаттыкты сактоо, билим берүү окуу жайларынын башчыларын кышка даярдык көрүү иши жөнүндө маалыматын карап жана талкуулап, Майлуу-Суу шаардык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык кеңештин өнөр жай, энергетика, транспорт, курулуш, коммуналдык чарбалар жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.С.Асановдун,Майлуу-Суу шаарынын мэри , Майлуу-Суу шаарынын коммуналдык кызматын өтөөчү мекемелеринин, саламаттыкты сактоо, билим берүү окуу жайларынын башчыларын кышка даярдык көрүү иши жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын коммуналдык кызматын өтөөчү мекемелеринин, саламаттыкты сактоо, билим берүү окуу жайларынын башчыларын кышка даярдык көрүү иштеринде жетишпестиктеринин жана кетирген кемчиликтеринин негизинде 2014-2015-жылдарынын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штабынын төрагасынын (К.У.Сатыбалдиев) иши канааттандырарлык эмес деп белгиленсин.
3. Майлуу-Суу шаарынын жолдорун кышта кардан тазалоочу техникалардын кышка даярдоосу жана Майлуу-Суу шаарынын коммуналдык кызматын өтөөчү мекемелеринин, саламаттыкты сактоо, билим берүү окуу жайларынын кышка даярдык көрүү иши боюнча аныкталган кетирген кемчиликтердин аткарылышы 2015-жылдын 10 январына чейин камсыз кылынсын (мекемелердин, уюмдардын жетекчилери) жана кемчиликтерди кетирген жетекчилердин үстүнөн мэрия тарабынан чара көрүлсүн .
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине (Д.Караева) жөнөтүлсүн.
5. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин өнөр жай, энергетика, транспорт, курулуш, коммуналдык чарбалар жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына (А.С.Асанов) жүктөлсүн.
Майлуу-Суу шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р.К.Бакалаев
|