Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-декабры № 11-7-6
“Майлуу-Суу шаарынын жергиликтүү бюджеттинен көз каранды пландаштырылган иш-чараларын бүтүрүү максатында2014-жылдын башынан үнөмдөлүп калган акча каражатын карап берүү жөнүндө”
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 9-декабрындагы №01-14/1670 Майлуу-Суу шаарынын жергиликтүү бюджеттинен көз каранды пландаштырылган иш-чараларын бүтүрүү максатында2014-жылдын башынан үнөмдөлүп калган акча каражатын карап берүү жөнүндө катын, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, талкуулап чыгып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 9-декабрындагы №01-14/1670 Майлуу-Суу шаарынын жергиликтүү бюджеттинен көз каранды пландаштырылган иш-чараларын бүтүрүү максатында2014-жылдын башынан үнөмдөлүп калган акча каражатын карап берүү жөнүндө катын, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча комиссиясынын төрагасынын маалыматтары эске алынсын.
2. Жергиликтүү бюджетте 2014-жылдын башынан үнөмдөлүп калган акча каражаттарынан Майлуу-Суу шаарынын жергиликтүү бюджеттен көз каранды пландаштырылган иш-чараларын бүтүрүү максатында шаардын мэриясына акча каражатын каралган сметанын чегинде бир беренеден башка беренеге жылдырууга уруксат берилсин
3. 2014-жылдын башына калган калдыктарынан Майлуу-Суу шаарындагы жаңы №8 “Акылай” балдар бакчасына жабдууларды алуу үчүн каралган жана үнөмдөлүп калган акча каражаттарын төмөнкүдөй жумшатууга уруксат берилсин :
-Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу изоляторуна видео көзөмөл жүргүзүүчү камера алып орнотуу үчүн-25,0миң сом;
-Майлуу-Суу шаардык статистика бөлүмүнүн материалдык базасын чындоо үчүн-50,0 миң сом;
-Майлуу-Суу шаары боюнча мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын кызматкерлерине демилгелик кызыктырууларды берүү үчүн -107,2миң сом;
-Майлуу-Суу шаардык кеңешине, “МС ЛЗ”ЖЧКдун 50-жылдык маарекесине байланыштуу сыйлык берүү үчүн-30,0миң сом.
4. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлерине (2 башкы адисине жана 3жетектөөчү адисине) 2014-жылдын январ айынан декабр айына чейин айлык акысына кошумча катары, айына 1,5миң сом өлчөмүндө, муниципалдык менчик башкармалыгынын сметасынын чегинде каралган башка чыгым беренелеринен үнөмдөлүп калган акча каражаттарынан төлөп берүүгө уруксат берилсин.
5. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине (Д.Караева) жөнөтүлсүн.
6. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча комиссиясына (А.Оморов) жана шаардык каржы бөлүмүнүн башчысына (Г.Райимбекова) жүктөлсүн
Майлуу-Суу шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р.К.Бакалаев
|