Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-декабры № 11-7-7
“Майлуу-Суу шаардык “Суу чарба” мекемесине өздүк акча каражаттын эсебинен “МС ЛЗ” ЖЧК автоуна сатып алууга уруксат берүү жөнүндө”
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 09.12 №01-14/1669 Майлуу-Суу шаардык “Суу чарба” мекемесине өздүк акча каражаттын эсебинен “МС ЛЗ” ЖЧКнан автоуна сатып алууга уруксат берүү жөнүндө катын угуп, талкуулап чыгып Майлуу-Суу шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 09.12 №01-14/1669 Майлуу-Суу шаардык “Суу чарба” мекемесине өздүк акча каражаттын эсебинен “МС ЛЗ” ЖЧКнан автоуна сатып алууга уруксат берүү жөнүндө каты эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаардык “Суу чарба” мекемесине өздүк акча каражатынын эсебинен өз ара эсеп кылуу аркылуу “МС ЛЗ” ЖЧКнан автоуна сатып алууга уруксат берилсин .
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине (Д.Караева) жөнөтүлсүн.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссияга (А.Оморов) жүктөлсүн.
Майлуу-Суу шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р.К.Бакалаев
|