Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-декабры № 11-7-8
“Майлуу-Суу шаарынын экономикалык пландоо зоналарына байланыштуу Кз зоналык коэффициентин тактоо жана Майлуу-Суу шаарынын аймагында мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 2008-ж. 17.10 №231 “Салык кодексинин аракетке киргизилишини жөнүндө” мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын 2010-ж. 10.02 №25 “Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндө” мыйзамдын негизинде, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2014-ж.09.12.№01-14/1660 катын, Майлуу-Суу шаарынын экономикалык пландоо зоналарына байланыштуу Кз зоналык коэффициентин тактоо жөнүндө салык кызматынын башчысынын орун басары М.Намазбековдун маалыматын жана Майлуу-Суу шаарынын аймагында мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, талкуулап чыгып Майлуу-Суу шаардык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2014-ж.09.12.№01-14/1660 катын, Майлуу-Суу шаарынын экономикалык пландоо зоналарына байланыштуу Кз зоналык коэффициентин тактоо жөнүндө салык кызматынын башчысынын орун басары М.Намазбековдун маалыматын жана Майлуу-Суу шаарынын аймагында мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча комиссиясынын төрагасынын маалыматы эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын “экономикалык пландоо зонасына байланыштуу Кз зоналык коэффициент төмөнкүдөй такталсын:
-Майлуу-Суу шаары боюнча-1,2;
-Көк-Таш жана Сары-Бээ аймактык башкармалыгы боюнча-1,0.
Майлуу-Суу шаарынын аймагында 2015-жылдын 1-январынан төмөнкү салыктар күчүнө кирсин:
-Мүлк салыгы;
-Жер салыгы
жана көрсөтүлгөн аймакташтырылган салыктар Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде жүргүзүлөт.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине (Д.Караева) жөнөтүлсүн.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссияга (А.Оморов) жүктөлсүн.
Майлуу-Суу шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р.К.Бакалаев
|