Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин V-чакырылышынын XV-сессиясы
2014-жылдын 17-июну № 15-2
“Көк-Жар айылдык округу боюнча айылдардагы жаңы көчөлөргө ат коюу жөнүндөгү протоколдорун бекитүү тууралуу”
Көк - Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын протоколун угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 16-июнундагы №6-1-токтому жактырылып,колдоого алынсын
2. Көк-Жар айылдык округу боюнча айылдардагы жаңы көчөлөргө аттарды коюу жөнүндөгү протоколдор бекитилсин жана протоколдордогу көрсөтүлгөн көчөлөргө төмөнкүдөй аттарды коюуга:
-Жийде айылынын БАМ участкасындагы көчөгө Аширалиев Абдираим атындагы көчө,
- Өйүз участкасындагы көчөгө Ысманов Аширбай,
- Жийде айылынын түндүк тарабындагы жаңы конуштагы көчөлөргө Шараков Аширали,Мадумар ата,Жолдошов Адиш жана Осмонов Рахманали,
-Жийде айылынын түндүк жагындагы көчөгө Кийикбаев Аким ажы,
-Ак-Өтөк айылынын көчөсүнө Исаков Нурмамат,
-Көк-Жар айылынын Төрт-Коргон участкасындагы көчөгө Зулпуев Осмоналинин аттарын коюуга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Исаковго милдеттендирилсин.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г.Абдуллаев |