Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-июну № 15-3
“Көк-Жар айылдык кеңешинде иш кагаздарын жандандыруу жөнүндө”
Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика.бюджет.соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын кеңешмесиндеги протоколун угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 16-июнундагы №13-2-токтому колдоого алынсын жана жактырылсын.
2. Көк-Жар айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын иш кагаздарынын көптүгүнө байланыштуу келишимдин негизинде жооптуу катчыга жардамчы кылып К.Козуев убактылуу кызматка алынсын жана 2014-жылдын январь айынан баштап, айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн кошумча булактардын эсебинен айына 5000 (беш миң) сомдон жалпысы 60 000 (алтымыш миң) сом айлык акы төлөп берүүгө макулдук берилсин.
3. Айыл өкмөтүнө түшкөн кошумча булактардын эсебинен акча менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Т.Исмановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Турабыевге жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г.Абдуллаев |