Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-июну № 13-2
“Айылдык кеңеште иш кагаздарын жандандыруу тууралуу”
Көк-Жар кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы кеңешмедеги ой-пикир,сунуштарды,угуп жана талкуулап, кеңешме
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын жана кеңештин иш кагаздарын жандандыруу максатында,жооптуу катчынын иш кагаздарынын көптүгүнө байланыштуу, келишимдик негизде,Көк-Жар айылынын депутаты К.Козуев, жооптуу катчыга жардамчы болуп убактылуу кызматка алынсын жана 2014-жылдын январь айынан баштап айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн кошумча булактардын эсебинен, айына 5000 (беш миң) сомдон жалпысы болуп он эки айга 60 000 (алтымыш миң) сом айлык акысы төлөнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө түшкөн кошумча булактардын эсебинен,акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Т.Исмановго тапшырылсын.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинен суралсын.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г.Абдуллаев |