Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-июну № 15-4
“Көк-Жар айыл аймагында уюлдук байланыш түйүндөрүн жакшыртуу жөнүндө”
Айылдык кеңештин айыл,суу чарбасы,жерге жайгаштыруу,экология жана курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын өткөргөн кеңешмесиндеги протоколун угуп жана талкуулап,айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык кеңешинин айыл,суу чарба,жерге жайгаштыруу,экология жана курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 14-июнунудагы №12-1-токтому жактырылсын.
2. Көк-Жар айыл аймагына караштуу Алашан айылына, уюлдук байланыш түйүндөрүн жакшыртуу үчүн антенна орнотууга макулдук берилсин.
3. Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы,айыл өкмөтүнө жана Көк-Жар жайыт комитетинин төрагасы А.Карабаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл,суу чарба,жерге жайгаштыруу,экология жана курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г.Абдуллаев |