Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-июну № 12-1
“Көк-Жар айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жер аянттары,уюлдук байланыш түйүндөрүн жакшыртуу жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын билдирүүсү тууралуу”
Айылдык кеңештин айыл,суу чарба,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу кмиссиясынын кеңешмесиндеги ой-пикир,сунуштарды угуп жана талкуулап, кеңешме
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагына караштуу «Алашан» айылына ,уюлдук байланыш түйүндөрүн жакшыртуу максатында, антенна орнотуу үчүн макулдук берилсин.Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө жана Көк-Жар жайыт комитетине тапшырылсын.
2. Көк-Жар айылдык округуна караштуу Борбаш айылында жайгашкан мечиттин арка жагындагы, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги 0,11га жер аянтын аукцион жолу менен сатууга макулдук берилсин мыйзамга негиз иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө жана айылдык округунда түзүлгөн жер комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Көк-Жар айыл аймагынын айылдарында таштанды таштоочу жайлардын жоктугуна байланыштуу,ар бир айылда,коомдук жайларда жана жалпы эле айыл аймагы боюнча,таштанды таштоочу жайлар уюштурулсун.Таштандыларды ташып чыгаруучу жайларды аныктап,тактап аны уюштуруу жактары айыл өкмөтүнө жана «Тазалык» муниципалдык ишканасына жүктөлсүн,анын мыйзамдуулугун кароо жагы айыл өкмөтүнө жана «Тазалык» муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинен суралсын.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г.Абдуллаев |