Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-июну № 15-5
“Көк-Жар айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жер аянттары жөнүндө”
Көк-Жар айылдык кеңешинин айыл,суу чарба,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясынын протоколун угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айылдык кеңештин айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 14-июнундагы №12-1-токтому жактырылсын.
2. Көк-Жар айылдык округуна караштуу Борбаш айылында жайгашкан мечиттин арка жагындагы,айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги 0,11га жер аянтын, аукцион жолу менен сатууга макулдук берилсин жана мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө,жер адистерине жана айылдык округунда түзүлгөн жер комиссиясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г.Абдуллаев |