Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-июну № 15-6
“Көк-Жар «Тазалык»муниципалдык ишканасынын билдирүүсү жөнүндө”
Көк-Жар айылдык кеңешинин айыл,суу чарба,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясынын протоколун угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин айыл ,суу чарба,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 14-июнундагы №12-1-токтому жактырылсын.
2. Көк-Жар айыл аймагынын айылдарында таштанды таштоочу жайлардын жоктугуна байланыштуу,ар бир айылда,коомдук жайларда жана жалпы эле айыл аймагы боюнча, таштанды таштоочу жайлар уюштурулсун.
3. Таштандыларды ташып чыгаруучу жайларды аныктап,тактап аны мыйзам чегинде уюштуруу жагы айыл өкмөтүнө жана «Тазалык» муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл,суу,чарбасы,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г.Абдуллаев |