Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-июну № 15-7
“Көк-Жар айыл аймагында инвестиция тартууну колдоо тууралуу”
Көк-Жар айыл аймагынын инфраструктурасын көтөрүү жана инвестиция тартууну күчөтүү максатында Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагынын Сары-Каңды айылында жайгашкан ФАПтын капиталдык ремонтуна Кыргыз Республикасынын түрткү берүүчү грантына жазган долбоорунун суммасы 2 371 000 (эки миллион үч жүз жетимиш бир миң) сом, анын 10% төлөмү үчүн 237 100 (эки жүз отуз жети миң бир жүз) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшкөн кошумча кирешелердин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Жогоруда каралган акча каражаты менен камсыз кылуу жагы,айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Т.Исмановго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г.Абдуллаев |