Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-июну № 15-8
“Көк-Жар айыл өкмөтүнүн «Россинбанктын» имаратын сатып алуу үчүн 2014-жылдын IV кварталына бөлүнгөн 1 500 000(бир млн. беш жүз миң) сомду 2014-жылдын II кварталына жылдыруу жөнүндө”
Айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын кеңешмесинин чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагында жайгашкан «Россинбанктын» имаратын,айыл өкмөтүнүн балдар бакчасы үчүн сатып алууга 2014-жылдын IV кварталына бөлүнгөн 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатын 2014-жылдын II кварталына жылдырууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г.Абдуллаев |