Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-августу № 16-2
“Беккари чуңкуру” тууралуу”
Айылдык кеңештин айыл,суу чарба жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясынын өткөрүлгөн кеңешмесиндеги чечимин угуп жана талкуулап депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык кеңешинин айыл,суу чарба жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 15-августундагы №13-2-токтому жактырылсын.
2. Көк-Жар айыл аймагында ээси жок,атылган жолбун ит-мышыктарды, көмүп,жугуштуу ооруулардын алдын алуу максатында, «Беккари чуңкурун» уюштурууга жер ажыратып берүү үчүн макулдук берилсин.
3. «Беккари чуңкурун» уюштуруу үчүн анын мыйзамдуулугун кароо жагы айыл өкмөтүнө,айыл өкмөтүнүн ветеринардык адиси К.Сатаровго жана айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г.Абдуллаев |