Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-августу № 16-4
“Алашан Келечеги” балдар бакчасы тууралуу”
Көк-Жар айыл аймагына караштуу Алашан айылында жайгашкан «Алашан Келечеги» балдар бакчасы жөнүндөгү,айылдык кеңештин мыйзамдуулук, социалдык-маданий, билим берүү боюнча туруктуу комиссиясынын өткөргөн кеңешмесиндеги, ой-пикир, сунуштарды угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук,социалдык-маданий, билим берүү боюнча туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 15-августундагы №7-1-токтому колдоого алынсын.
1. Көк-Жар айыл аймагына караштуу Алашан айылында жайгашкан «Алашан Келечеги» балдар бакчасына, мыйзам чегинде бир тарбиячы, бир тарбиячынын жардамчысы,бир ашпозчу штаттык бирдиктерин ачууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду мыйзам чегинде карап берүү жагы,Ноокат райондук элге билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин мыйзамдуулук, социалдык, маданий, билим берүү комитетине тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г.Абдуллаев |